Майлуу-Сууда 78 жаштагы кишинин жылкысын уурдаган шектүү кармалды

Майлуу-Суу милициясы мал уурулук фактысынын бетин ачты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Майлуу-Суу ШИИБге 78 жаштагы шаар тургуну арыз менен кайрылып, 5-апрель күнү жайытта жүргөн 1 баш жылкысын уурдап кеткенин айткан.

Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Майлуу-Суу ШИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишине шектүү катары Майлуу-Суу шаарынын тургуну 1980-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары уланууда.