«Мал, зер буюмдар, акча, кийим-кече…» Сузакта уурулукка шектелген жигиттер кармалды

Сузакта уурулукка шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө уурулардан зыян тартышкандыгын билдиришип, 8 жаран арыз менен кайрылышкан. Алар короосунан малдарын, үйлөрүнөн сыналгы, ноутбук, кол саат, мүшөктөлгөн жаңгак, үй тиричилик жана зер буюмдарын, кийим-кечелерин, дүкөндөрүнөн акча жана товарларын белгисиз адамдар уурдап кетишкендигин билдиришкен. Жалпысынан жабырлануучулар 600 миң сомдун тегерегинде материалдык зыянга учурашкандыгын жазышкан.

Жогорудагы фактылар Сузак РИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери ачылган.

Жалал-Абад облусунун аймагында өткөрүлүп жаткан “Ууру” операциясынын алкагында жогорудагы кылмыш иштеринин бети ачылды. Милиция тарабынан жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү катары Жалал-Абад шаарынын 1996, Сузак районунун 1994 жана 2004-жылы туулган тургундары кармалышкан. Учурда шектүүлөрдүн кылмыштуу шериктерин табуу жана алардын башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугун аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.