Мамлекеттик жана аскердик сырды бузган «Кадамжай-автожол» пунктунун башчысы кармалды

Июль айында кызматтык иликтөө учурунда мамлекеттик жана аскердик сырды түзгөн маалыматтардын коопсуздугу бузулгандыгы аныкталган. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Иликтөө иштеринин натыйжасында «Кадамжай-автожол» өткөрүү пунктунун башчысы — майор кызматынан алынган. Учурда бул аскер кызматкерине карата бир нече кылмыш иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен сентябрда майор Жазык кодексинин 268-беренеси (өзгөчө ири өлчөмдө сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш кылган деп шектелип, 2 айга камакка алынды.