«Манас» аэропортуна барчу жолдо чачырап кеткен унаанын айдоочусу ооруканада

«Манас» аэропортуна барчу жолдо чачырап кеткен унаанын айдоочусу ооруканага кайрылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 13-ноябрда саат 08:00 чамасында катталган. Түштүктөн түндүктү көздөй бара жаткан Хонда Фит үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 23-чакырымында рулга ээ боло албай, жол бөлүп турган тосмону сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 1991-жылы туулган жаран Сокулук аймактык ооруканасына кайрылган.

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары Бишкек-Манас аэропорту унаа жолунда жол кырсыгы катталганын билдиришип, видео менен бөлүшүшкөн.