Буга чейин Аэропорт — Бишкек жолунда жол кырсык катталганын, окуучулар бара жаткан автобусту GoBus маршруткасы сүзгөнү маалым болгон. Окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат таратып, жабыркагандардын саны 16 адам экенин билдиришкен. «Эки бала оор абалда реанимацияда жатат. Дарыгерлер бардык керектүү жардамдарды беришет. Кошумча такталган маалымат кийинчерээк берилет», — дешти.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Ат-Башы лицейинин директору Рахат Мырзабекова менен байланышканыбызда, автобуста 25 адам болгонун, жабыркагандардын саны 18 экенин айтты. «Ичинде 2-3-4-класстын окуучулары болгон. Алар Лесной айылынан мектепке баратышкан», — деген ал.
Шаардык балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов кырсыктан жабыркаган балдардын абалы тууралуу журналисттерге маалымат берди. Ал 14 бала нейротравматология бөлүмүнө, 4 бала реанимацияга, 1 бала травматология бөлүмүнө жаткырылганын билдирди. «Нейротравматология бөлүмүнө жаткырылган балдардын абалы канааттандырарлык. Бардык керектүү жардамдар көрсөтүлөт. Ошондой эле төрт бейтап реанимацияда, абалы туруктуу оор», — деди ал.