“Манас” аэропортунун жолунда 12 миллион сомдук баңгизат алып бара жаткан киши кармалды

Эл аралык баңгизат тобунун мүчөсү кармалып, андан «Мефедрон» баңги каражаты алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан 21-апрелде жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси «Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун ири өлчөмдө сатуу максатында мыйзамсыз өндүрүү, сактоо, ташуу, жөнөтүү» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында эл аралык баңгизат тобунун мүчөсү кармалды.

Тактап айтканда, Чүй облусунун Пригородное жана Достук калктуу конуштарынын ортосундагы Манас аэропорту – Бишкек шаары авто жолунда Кыргыз Республикасынын 1995-жылы туулган жараны кармалып, андан жалпы салмагы 2 килограмм болгон «Мефедрон» синтетикалык баңги каражаты табылды. Аталган заттын 1 граммы базар баасында 6000 сомду түзөт, жалпысынан табылган жүктүн наркы 12 миллион сомго жетет. Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди.