Кечээ, 8-октябрда 14:40 чамасында Манас ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө милиция кызматкери тарабынан чалуу түшкөн. Анда Манас шаарында жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин эшигинин алдына жаңы төрөлгөн ымыркайды таштап кеткендиги боюнча маалымдалган.
Аталган факты Манас ШИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.
Манас ШИИБдин тергөө тобу окуя болгон жерге барып кароо жүргүзүп, табылган ымыркайды Жалал-Абад облустук төрөт үйүнө өткөрүп беришкен. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө Манас ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттеринин негизинде ошол эле күнү 17:00 чамасында кылмышка шектүү аныкталган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Жергиликтүү ЖМКлар ымыркайын таштаган 15 жаштагы өспүрүм экенин жазып жатышат.











