УКМК тарабынан алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон маркум АлманбетАнапияевдин бир тууганы А.Г.М аттуу жаран кармалды.
Тактап айтканда, А.Г.М. аттуу жаран А.А.М. аттуу жарандын ишенимине кирип, «ДСШ» маркасындагы көмүрдү көп өлчөмдө жана арзан баада (1 кг көмүрдүн баасы 1,6 сомдон) сатууга убада берип, андан соң алдоо жолу менен 100 миң долларын алып кеткен жана ар кандай шылтоолор менен мурда алган акчасын кайтаруудан баш тарткан. Ыкчам-тергөө иш-чараларынын комплексинин жыйынтыгы боюнча 2-июлда ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча Кыргыз жараны А.Г.М кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.
Жогорудагы А.Г.М.нын кылмыштуу аракеттеринен жабырлануучу тараптар болсо, УКМКга 0312 660475, 0312 626504, 0322 70009, 0997 464603 (WhatsApp) телефондору аркылуу кайрылыңыз.
Өзгөчө ири өлчөмдөгү коррупция фактысы боюнча УКМКнын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК улуттук коопсуздук органдарынын катарын кызматтын кызыкчылыгына...
Кыргызстандын жарандыгын алуу боюнча документтерди тариздөө үчүн акча каражаттарын мыйзамсыз алуу схемасын уюштуруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК...
Өзгөндө аялын сабаган жолдошу кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 10-июнда шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабап кыйноо) менен кылмыш иши...
Нарын ШИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө...
УКМК тарабынан кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз ээлеп алуу жана документтерди жасалмалоо фактылары боюнча козголгон кылмыш иштерин иликтөөнүн алкагында "Кара риэлторлор" кармалды....