УКМКга уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаевдин колдоосунан пайдаланып, өз кызыкчылыктарына жетүү үчүн мамлекеттик кызматкерлерге кысым көрсөтүп жүргөн айрым адамдар тууралуу маалымат келип түшкөн.
Тактап айтканда, жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө маркум кримтөбөлдүн туугандары Ж.Э.А. жана Ж.С.А. күч колдонуу жолу менен жергиликтүү кеңештин айрым депутаттарын мыйзамсыз эркиндигинен ажыратышкан. Натыйжада козголгон кылмыш ишинин алкагында бир катар ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Учурда адам уурдоо фактысы боюнча Ж.Э.А. Каракол шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.
Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Талдык жана Тоң-Мурун ашууларында катуу бороон болууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. "Жол...
Чуңкурчакта эки эркек киши лыжа тээп баратып чуңкурга түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, Аламүдүн районундагы...
Кызыл-Кыяда мечиттин жанына калтырылган ымыркай табылды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. "Кызыл-Кыя шаарындагы “Аль-Гуфран” атындагы мечитке эрте...
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Жаңы жыл майрамын өткөрүү учурунда күчөтүлгөн жогорку баскычта кызмат өтөп, азыркы учурда да...