Мас абалда унаа башкарууга жаза күчөгөндөн кийинки 1 айда 1500дөн ашуун мас айдоочу аныкталды
20-июндан тартып мас абалында унаа айдагандарга жаза күчөтүлгөн. Бирок жаза күчөтүлгөндөн кийин дагы мас абалында унаа айдагандар токтоп калган жок. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.
Бул мыйзам күчүнө киргенден кийинки 1 айдын ичинде 1500дөн ашуун мас абалда унаа айдагандар аныкталып, 126 млн сомдон ашуун айып пул салынган. Мас абалда унаа башкаргандар 2026-жылдын 6 айында 9600дөн ашкан. Жаңы мыйзамга ылайык, мас абалда унаа айдаган айдоочу транспорт каражатын башкаруу укугунан эки жылдык мөөнөткө ажыратылып, 80 000 сом өлчөмүндө айып пул салынат. Мас абалда жол кырсыгына кабылып, адам өлүмү менен коштолсо, 10 жылга чейин эркиндигинен ажыратылып, 12 жылга чейин транспорт каражатын башкара албайт.