Бишкекте өз кызын зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Свердлов РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 27-февралда милицияга жашы жете элек кыз атасы тарабынан зордукталганы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге барган милиция 2010-жылы туулган кыз 1985-жылы туулган атасы тарабынан зордукталганы аныкталган. Ал мас абалында болгон. Факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголду. Шектүү Бишкек ШИИБдин абагына киргизилип, райондук соттун чечими менен 2 айга камакка алынды.