Abank_june
SerepTV Logo

Мас абалындагы айдоочу бир нече посттон токтобой өтүп, жол кырсыктарын жаратты

Мас абалындагы айдоочу бир нече посттон токтобой өтүп, жол кырсыктарын жаратты
1-июнь күнү саат 13:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 661-чакырымында, тактап айтканда, Кара-Суу районунун Мады айыл аймагынын Кыргыз-Чек айылында күмүш түстөгү «Mercedes-Benz C200» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жол боюнда токтоп турган «Kia K5» үлгүсүндөгү автоунааны сүзүп, окуя болгон жерден Ош шаары тарапка качып кеткен.

Аталган автоунааны токтотуу максатында ЖКККББ кызматкерлери тарабынан Куршаб, Таш-Арык, Тойчу айылынын бурулушу, Учкун жана башка көзөмөлдөө постторунда тосуу жана кармоо иш-чаралары уюштурулган. Бирок айдоочу милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, бир нече посттон токтобой өтүп кеткен. Кийинчерээк Кыргыз-Чек постунда кызматтык автоунаа менен жол тосулган учурда да айдоочу токтобостон кызматтык автоунааны сүзүп өтүп, андан соң «Hyundai Porter» үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа менен кагылышып барып токтотулган. Текшерүүнүн жүрүшүндө «Mercedes-Benz C200» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу мас абалда экендиги аныкталган.

Учурда бул факты боюнча тиешелүү материалдар топтолуп, мыйзам чегинде териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
ЖКККББ жарандарды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана мас абалында унаа башкарбоого чакырат.