Массалык камоо. Айданбек Акматов менен Рита Карасартова камакта калтырылды

Бишкек шаардык соту журналист Айданбек Акматов менен укук коргоочу Рита Карасартованын баш коргоо чарасын карады.

Айыпталуучунун жактоочулары аларды камактан бошотууну суранышты. Журналист өзү Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөсү эместигин сотто билдирген. Ал жолугушууга журналист катары гана катышканын айткан.

Соттук коллегия кеңешүү бөлмөсүнөн чыгып, борбордун Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтыруу тууралуу аныктаманы окуп берди.