Массалык камоо. Гүлнара Журабаева, Таалайбек Мадеминов жана Улугбек Маматаев үй камагына чыкты

Кемпир-Абад боюнча массалык камоо учурунда кармалган БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, жарандык активисттер Таалайбек Мадеминов жана Улугбек Маматаев үй камагына чыкты.

Буга чейин 20дан ашык активист, саясатчылар, блогерлер жана журналисттер СИЗО-1де камакта болчу. Алар Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүүгө каршы чыгып, андан соң массалык баш аламандык уюштурган деген шек менен милиция кармап кеткен.