Буга чейин 20дан ашык жарандык активист, саясатчылар, блогерлер жана журналисттер СИЗО-1ге камакка алынган. Алар Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүүгө каршы чыгып, андан соң массалык баш аламандык уюштурган деген шек менен милиция кармап кеткен.
Алардын бөгөт чарасы каралып, айрымдары үй камагына чыкса, айрымдары камактагы мөөнөтү узартылды.
Үй камагына чыккандар:
- Орозайым Нарматова;
- Клара Сооронкулова;
- Гүлнара Журабаева;
- Таалайбек Мадеминов;
- Улугбек Маматаев;
- Асия Сасыкбаева;
- Мамбетжунус Абылов;
- Талант Эшалиев;
- Нурлан Асанбеков;
- Перизат Суранова;
- Чыңгыз Капаров.
Камакта калтырылгандар (20-июнга чейин):
1. Азимбек Бекназаров
2. Али Шабдан
3. Айданбек Акматов
4. Равшан Жээнбеков
5. Кубанычбек Кадыров
6. Кеңешбек Дүйшөбаев
7. Эрлан Бекчоро уулу
8. Айбек Бузурманкулов
9. Бектур Асанов
10. Жеңиш Молдокматов
11. Тимур Махмудов
12. Акыл Айтбаев
13. Атай Бейшенбек
14. Марат Баязов
15. Илгиз Шаменов
Укук коргоочу Рита Карасартованын бөгөт чарасы бүгүн, 18-апрелде саат 14:00дө каралат.
Буга чейин 29-октябрга карата Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалган саясатчылар менен жарандык активисттердин тизмесин укук коргоочу Азиза Абдирасулова жарыялаган болчу.