Кечээ, 13-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалган жарандык активист жана саясатчылардын бөгөт чарасы каралды.
Соттук отурум башталганга чейин жарандык активист Перизат Суранова ачкачылык жарыялаганын айтты. Ошондой эле, Рита Карасартова да нааразычылык көрсөтүү үчүн ачкачылык жарыялаганын айтты. Ал эми Жалал-Абад облусунун мурдагы башчысы Бектур Асанов аялдарды бошотууну суранып, нааразылык иретинде ачкачылык жарыялоо ниетин билдирген.










