Массалык кармоо. Камакта калтырылган саясатчы жана жарандык активисттер

Бишкектин Биринчи Май райондук соту камактагы жарандык активисттер, саясатчылардын баш коргоо чарасын кароону улантууда. Буга чейин алар массалык баш аламандык уюштурууга даярданган деген шек менен камакка алынган.

Сот СИЗО-1ге 23-февралга чейин калтырды:

— саясатчы жана Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров;

20-февралга чейин:

— Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова;

— жарандык активист Улугбек Маматаев;

— жарандык активист жана ишкер Илгиз Шаменов;

— жарандык активист Акыл Айтбаев;

жарандык активист Нурлан Асанбеков үй камагында калтырылды;

— журналист жана саясат таануучу Айданбек Акматов;

— жарандык активист Чыңгыз Капаров;

— блогер Али Шабдан;

— Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов;

— жаш саясатчы Жеңиш Молдокматов;

— жарандык активист Марат Баязов; 

— мурдагы депутат Кубанычбек Кадыров;

— жарандык активист Эрлана Бекчоро уулу;

— БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева.