Матраимовдун өкүл баласы соттун чечими менен үй камагына чыгарылды

УКМК тарабынан кармалган Райымбек Матраимовдун өкүл баласы бүгүн, 13-январда соттун чечими менен үй камагына чыгарылды. Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип 2 күн мурда кол түшүрүлгөн эле. УКМКнын маалыматы боюнча, Савай айылында жайгашкан мектептин спорттук залын курууда аткарылган иштин баасы жалпы 1 миллион сомдон ашуун каражатка ашыра көрсөтүлгөн. Сайпидинов жогорудагы иштен тышкары уюшкан кылмыштуу топту түзүү фактысы боюнча күбө катары өтүп жатканы да маалым болгон эле

Савай айыл өкмөтүнүн башчысы 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесинде депутаттыкка талапкер болуп катышкан.