Матраимовдун өкүл баласынын кармалышы боюнча УКМК маалымат таратты

Кечээ, 11-январда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласынын кармалышы боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет маалымат таратты. Ага ылайык, Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалган.

УКМКнын маалыматы боюнча, Савай айылында жайгашкан мектептин спорттук залын курууда аткарылган иштин баасы жалпы 1 миллион сомдон ашуун каражатка ашыра көрсөтүлгөн. Ал ошондой эле спорттук залды сапатсыз жасалган иши менен кабыл алганы аныкталган. Сайпидинов кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысынан тышкары уюшкан кылмыштуу топту түзүү фактысы боюнча күбө катары өтүп жатканы да маалым болду. Шектүү УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди.

Буга чейин ноябрь айында Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов социалдык тармактар аркылуу куугунтук болуп жатканын айтып, мындан улам аны УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кабыл алып, анын арызын уккан эле. Сайпидинов 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесинде депутаттыкка талапкер болуп катышкан.