Медет Садыркуловдун өлүмү. Айыпталуучу ооруп калганына байланыштуу отурум жылдырылды

Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунда президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловду өлтүрүүгө шектелген Санжар Сапарбековдун соту уланууда. Соттук отурумга судья Бекболот Жаналиев төрагалык кылууда.

Бүгүн айыпталуучу акыркы сөзүн айтышы керек болчу, андан кийин сот өз чечимин чыгармак. Бирок соттолуучунун ооруп калганына байланыштуу отурум болгон жок. Санжар Сапарбековдун СИЗОдо дене табы көтөрүлүп жатканы айтылды. Отурум 11-ноябрга жылдырылды.

2021-жылдын ноябрь айында Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектүү Санжар Сапарбеков кармалганын ИИМден маалымдашкан.