Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча соттук отурум өтүп жатат

Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунда Бакиевдин президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловду өлтүрүүгө шектелген Санжар Сапарбековго карата соттук отурум башталды. Соттук отурумга судья Бакыт Касымалиев төрагалык кылууда.

Кылмышка шектүү сотко жекирилди. Айыпталуучу Санжар Сапарбеков соттун суроолоруна жооп берип жатып, орус тилин билерин, издөөдө жүргөнүн, мурда соттолбогонун айтты. Кармалганга чейин ал жеке ишкерлик менен алектенип жүргөн.

2021-жылдын ноябрь айында Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектүү Санжар Сапарбеков кармалганын ИИМден маалымдашкан.