Медет Садыркуловдун өлүмү. Сотто жабырлануучулар сурак беришти

Бүгүн, 21-февралда Аламүдүн райондук сотунда президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө айыпталып жаткан Санжар Сапарбековдун иши боюнча соттук отурум уланууда. Соттук отурумга судья Бакыт Касымалиев төрагалык кылууда.

Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун мурдагы директору Сергей Слепченконун жубайы Евгения Слепченко көрсөтмө берди. Анын айтымында, 2009-жылдын 12-мартында күйөөсү Медет Садыркулов менен Алматыга кеткен. «Жолдошум Садыркулов менен көптөн бери дос болуп жүргөндүктөн, алардын кеткенине таң калган жокмун. Түнкүсүн жолдошум телефон чалып, аларды чек арада кармап жатышканын, эртең менен келерин айтты. Эртеси саат 12:00дө өлүкканадан телефон чалды, сөөктү аныктоо үчүн келгиле дешти. Мен айыпталуучу Сапарбековду таанычу эмесмин, көргөн да эмесмин», — деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө айдоочу Кубатбек Сулаймановдун эжеси Чынара да суракка алынды. «2009-жылдын 11-мартында кечинде чалсам, жооп берген жок. Ар беш мүнөт сайын чалдым. 13-март күнү эртең менен эшик тыкылдады, ачкан жокмун. Мага келишти, айтышты, иниң кырсыкка кабылды, тирүү экен дешти. Анан Алматыга агам эмес, башка айдоочу барышы керек экенин билдим. Барчу айдоочу паспорту жок экенин айтып, баруудан баш тарткан. Окуя болгонго чейин аны аңдууга шектенип жатканын айткан. Мен жумуштан кетүүнү сунуштадым, бирок агам чогуу иштеген кишини таштап кете албастыгын айтты. Анын жок экенине дагы деле ишене албай турам», — деди Чынара Сулайманова.