Бакиевдин президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектүү Санжар Сапарбеков кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Маалыматка караганда, ИИМдин Тергөө кызматы Садыркуловдун өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишин иликтеп жатат.
«26-ноябрь күнү ИИМдин кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Сапарбеков кармалды. Ал Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми 27-ноябрь күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан шектүү 2022-жылдын 26-январына чейин камакка алынды», — деп айтылат маалыматта.