150 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Иса Ахунбаева атындагы КММАнын окутуучусу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
8-октябрь күнү Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 1987-жылы туулган окутуучусу окуу жайдын студенттеринен 150 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Андан тышкары, кармоо учурунда усулдук канаада окуу жайдын студенти болгон. Ага карата болгон жеке тинтүү учурунда жанынан 100 миң сом акча каржаты табылган.
Студент суракта акчалардын өзү окуган окуу тайпасындагы студенттерден чогултулганын, ошондой эле алдыдагы кышкы сессия мезгилиндеги экзамендерди оң жагына тапшыруунун кепилдигин камсыз кылуу максатында акчаны окутуучуга берүүнү көздөгөндүгү тууралуу көрсөтмө берген.








