«Быйыл мектепке барбай калды». Чоң ата 13 жаштагы небереси зордукталып, TikTok-блогерден төрөгөнүн айтты

Болот Манясов аттуу жаран 13 жаштагы небереси зордук көргөн адамдан төрөгөнүн айтты. Ал бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Маалыматка караганда, анын үй-бүлөсү айылда жашайт. 2021-жылы небереси ичи ооруп жатканын айткан. Киши аны ооруканага алып барган. Ооруканадан бел ооруга дары жазып берген, бирок оору басылган эмес. Ошондо Манясов Бишкекке келип, ашказанын текшертүү үчүн УЗИге түшүргөн. Аны дарыгерлер коридордо күтүүнү суранышкан. Ошол учурда эле ооруканага милиция барган. «Дарыгерлер неберемдин боюнда бар экенин айтышты. Мен милицияга арыз жазууга кеттим», — деди ал.

Сурак учурунда кыз TikTok-блогер менен таанышканын, ал кызды Бишкекке чогуу видео тартууга чакырганын айткан. Өткөн жылдын күзүндө кыз курбусу менен суранып, Бишкекке келишкен.

Адвокат Нурлан Токталиевдин айтымында, блогер кызды боюна бүтүп калганга дейре зордуктап келген. Биринчи факты «Ала-Тоо» кинотеатрынын жанында болгон. Анан баарына айтам деп коркутуп, кылмышын уланта берген. Шектүү кармалган эмес. 2022-жылы апрелде кыз уул төрөгөн. Учурда чогуу жашайт. Ата небереси быйыл мектепке барбай калганын, анын өзгөрүп кеткенин айтты.