«Шайлоо кампаниясы боюнча сөз узун». Мелис Аспеков 10 миллион долларга байланышкан суроого эмне деп жооп берди?

Бүгүн, 25-майда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жарандык активист Мелис Аспековдун пара талап кылуу кылмыш иши боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

Отурум башталганга чейин журналисттер тарабынан соттолуучуга «Садыр Жапаровдун шайлоо кампаниясына байланышкан катты чын эле өзүңүз жазгансызбы?» деген суроо берилди. Мелис Аспековдун айтымында, ал эркиндикте эмне болуп жаткандыгынан кабары жок, себеби ал толугу менен изоляцияда кармалууда. “Мен эмне болуп жаткандыгын жана кандай болгонун билбейм. Мени толугу менен изоляцияда кармашууда. Шайлоо кампания боюнча окуя абдан узун. Мен өзүмө каршы көрсөтмө берип албашым үчүн адвокат менен кеңешүүм керек. Мага айткандарына караганда мага карата кандайдыр бир чабуул жүрүүдө, бирок менин андан кабарым жок. Менин атымды жамынып, Facebook социалдык тармагындагы аккаунтумду ким башкарып жатат билбейм”, — деди ал.

Ушул жылдын январь айында «Кыргыз темир жолу» ишканасынын кызмат адамдарынын арызынын негизинде Мелис Аспеков менен блогер Улан Жураевди УКМК кармаган. Алар Финпол аркылуу текшертебиз, ишкананын жетекчилигине каршы митинг уюштурабыз деген коркутуулар менен 250 миң доллар пара талап кылганы айтылган. Кийин Мелис Аспековго карата дагы бир кылмыш иши ачылганы белгилүү болуп, ал алдамчылыкка шектелип жатканын УКМКдан билдиришкен. 22-майда Биринчи май райондук сотунун чечими менен жарандык активист СИЗО-1ге которулган.