Мелис Аспеков СИЗО-1дин шарттарына нааразы болду

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда пара талап кылган деп айыпталган жарандык активист Мелис Аспековго карата кылмыш иши каралууда.

Отурумдун жүрүшүндө айыпталуучу жана анын жактоочусу Сергей Манукян Аспековго карата баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн келтиришти. Мелис Аспеков өз сөзүндө камерада жалгыз камалып жатканын, медициналык текшерүүгө баруу керектигин айтты.

«Мен жер төлөдөгү камерада жалгыз отурам. Кагазда дары-дармектерди ичүү керектиги, менин ден соолугумдун динамикасына жараша дарылоо өзгөрөт деп айтылат. Бул дарыларды иче албайм, ашказаным ооруп жатат. Мен көрүнүшүм керек. Бирок Жазаларды аткаруу кызматы суранып кат жазганыбыз менен ооруканага алып барбай жатат», — деди ал. Судья кеңешүү бөлмөсүнө кетти.