Мелис Аспековдун уулу атасы 7 жылга эркинен ажыратылганын айтты

Садыр Жапаровдун мурдагы тарапташы, жаранлык активист Мелис Аспеков 7 жылга эркинен ажыратылып, күчөтүлгөн тартиптеги колонияга кесилди. Бул тууралуу анын уулу Аалы Аспеков билдирди.

Анын айтымында, 4-мартта акыркы сот отуруму болуп, анда массалык башаламандык боюнча өкүм чыгарылган. Аалы Аспеков шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрыла тургандыгын билдирди.

Мелис Аспеков буга чейин акча опузалоо боюнча күнөөлүү деп табылып, 6 жылга эркинен ажыратылган. Бирок өткөн жылдын май айында президенттен ырайым сурап, эркиндикке чыккан болчу. Ал сентябрь айында кайра камакка алынган.