Мелис Аспековго карата козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум августка жылдырылды

Бүгүн, 6-июлда жарандык активист Мелис Аспековго карата козголгон кылмыш иш боюнча соттук отурум 3-августка жылдырылды. Буга анын ооруп калганы себеп болду.

Соттук отурум бүгүн саат 14:00гө белгиленген. Бирок Мелис Аспеков соттук отурум башталганда отурумду жылдырууну суранып, алсырап, кускусу келип жатканын айткан. Сот муну эске алып, отурумду 3-августка жылдырды.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын кызмат адамдарынын арызынын негизинде жарандык активист Мелис Аспеков менен блогер Улан Жураевди УКМК кармаган. Алар Финпол аркылуу текшертебиз, ишкананын жетекчилигине каршы митинг уюштурабыз деген коркутуулар менен 250 миң доллар пара талап кылганы айтылган. Жураев үй камагына чыгарылып, Аспеков камакка алынган болчу. 21-майда Мелис Аспеков УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги №1 убактылуу тергөө абагына которулган. Ошол эле күнү анын баш коргоо чарасы каралып, 20-июлга чейин камакка алынган.