Бүгүн, 28-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2020-жылдагы Октябрь окуясы боюнча соттук отурум уланууда. Отурумга судья Убайдулла Сатимкулов төрагалык кылууда.
Буга чейин сот окуя учурунда жапа чеккен күч кызматкерлерин жана жарандардын (окуялардын катышуучулары) арасынан жабыркагандарды суракка алган. Андан соң судья ишти иликтөө аяктап, сот тараптардын жарыш сөзүнө өткөнүн билдирди. Буга байланыштуу процесстин катышуучулары даярдануусу үчүн тыныгуу жарыяланды. Процесске мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов жеткирилген.
Атамбаев журналисттер менен болгон маегинде жарыш сөзгө катышуудан баш тартарын билдирди. «Мен циркке катышпайм», — деди ал. Анын жактоочусу Замир Жоошев катышуудан бошотууну суранды.
Мамлекеттик айыптоочу Эрнест Асакеев мурдагы мамлекет башчыны сот залынан алып чыкпоону суранды. «Эй, акмак!» деп Атамбаев кыйкырып, айыпталуучулар үчүн айнекти ургулай баштады. Акырында аны чыгарып кетишти.