«Мен карындашымды коргодум». Чүйдө агасы карындашын сабаган адамды атып өлтүргөн окуя боюнча соттук отурум дагы жылдырылды

Ушул жылдын июль айында милиция Чүй облусунда карындашын кордогон адамга ок чыгарган жаранды кармаган. Окуя 1-июль күнү саат 08:30 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында болгон. Милицияга эркек кишинин октон жаракат алгандыгы боюнча билдирүү түшкөн. Ыкчам-тергөө тобу ал жерден 1975-жылы туулган жарандын жансыз денесин табышкан. Жабырлануучу алган жаракатынан улам «Тез жардам» кызматы келгенге чейин каза болгон.

1989-жылы туулган келин Токмок шаарындагы аялдамалардын биринен жол тосуп отуруп, 1975-жылы туулган жаран башкарып бара жаткан унаага түшкөнү аныкталган. Айдоочу жолдон бурулуп кызга тийишип баштаганда, кыз унаадан түшө качкан. Жолдо бараткан башка унаага отуруп агасына телефон чалып окуяны айтып, коркуп жатканын билдирген. Кыз түшүп кеткен унааны 1975-жылы туулган жаран кууп жетип, унаадан кызды чыгарууга аракет кылып, чачынан жулуп сабаган. Ошол учурда жетип келген кыздын агасы окуяны көрүп газ-травматикалык тапанча менен ага ок чыгарган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги жабырлануучу менен байланышканыбызда биринчи соттук отурум 25-октябрдан 1-ноябрга жылдырылганын билдирген. Анда каза болгон тараптан эч ким келген эмес. Бүгүн, 2-ноябрда соттук отурум 17-ноябрга жылдырылганын билдирди. «Соттук отурумга каза болгон кишинин аялы келди. Отурум саат 17:00гө белгиленген. Башталып, иш угузулду. Мен кирген жокмун. Адвокат агамдын күнөөнү мойнуна албаганын айтты. Агам «мен карындашымды коргодум» деп айтыптыр. Анан иш күн бүтүп калганына баланыштуу сот 17-ноябрга жылдырылды»,- деди ал.