«Март айында жок болом. Апа, мени кечир». Ошто 13 жаштагы бала боюн таштап, көз жумду

Ош шаарында 13 жаштагы бала өз өмүрүнө кол салып, көз жумду. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-февраль күнү саат 20:12де Тез жардам кызматы Ош шаарынын Шакиров көчөсүндө жайгашкан беш кабаттуу үйдөн кулап, 13 жашар баланын каза болгондугун билдирген.

Алгачкы териштирүү иштерин жүргүзүү учурунда 2008-жылы туулган өспүрүм аталган беш кабаттуу үйдөн боюн таштап, каза болгондугу аныкталган. Анын өмүрүнүн акыркы ирмемдеринде жанында болгон теӊтушунун айтуусуна караганда, ошол күнү кечки саат 18:00 чамаларында каза болгон бала менен чогуу ошол жерде отурушкан. Теӊтушунун көрсөтмөсүнө караганда, адегенде жалпысынан 5 өспүрүм бийиктикке чыгышкан, үч өспүрүм эрте эле кетип калышкан. Экөө ошол жакта отурушкан. Ошол учурда маркум теӊтушунун телефонун сурап алып, кызга видео чалуу аркылуу сүйлөшүп, аягында «кош бол, мени кечир» деп айткан. Телефонду кайтарып берген соӊ, «Апа, мени кечир» деп айтып, капыстан өзүнүн боюн таштап жиберген.

Күбө катары суралышкан теӊтуштарынын, жакындарынын берген көрсөтмөсүнө караганда ал «Мен өлөм, март айында жок болом, мени көрбөйсүңөр» деп айтып келген. Учурда бул факты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн маалымат электрондук журналына катталып, ар тараптуу териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Каза болгон өспүрүм Ош шаарындагы мектептердин биринде 7-класста окучу.