«Мен тирүүмүн». Жалал-Абадда курбусунан токмок жеп, көз жумду делген кыздын видеосу

Буга чейин социалдык тармакта кыздын дагы бир кызды жерге жатып калгыча сабап, жерге жатып калган соң да бир нече жолу тепкилеген видео тараган. Милиция бул окуя ушул жылдын 7-май күнү Жалал-Абад шаарында болгонун билдиришкен. Видеодогу эки кыздын курбу экени да маалым болгон. 5-июлда соцтармак колдонуучулары тепки жеген кыздын каза болгонун жазып чыгышты.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Жалал-Абад ОИИБ менен байланышканда, кыздын каза болгондугу тууралуу маалымат жалган экени маалым болгон. Бүгүн, 7-июлда милиция кыздын видеосун таратты.