Социалдык тармакта кыздын дагы бир кызды жерге жатып калгыча сабап, жерге жатып калган соң да бир нече жолу тепкилеген видео тарады. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден бул окуя ушул жылдын 7-май күнү Жалал-Абад шаарында болгонун билдиришти.
Видеотасма боюнча материал Жалал-Абад ШИИБге катталып, милиция тарабынан алдын ала териштирүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө видеодогу мушташып жаткан кыздардын аты-жөнү аныкталган. 2006 жана 2003-жылы туулган кыздар милицияга жеткирилген. Бирок бул эки кыз жакын курбу болгондуктан, жабырлануучу эч кимге арыз доосу жоктугун билдирип, соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан.
Акыйкатчы институту Балыкчы шаарында 14 жаштагы окуучунун өлүмү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге башынан эле мониторинг жүргүзүп келет. Бул тууралуу Акыйкатчы...
Ош шаарында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Ош ШИИБдин Патрулдук милициясынын инспектору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 5-июль...
Саламаттыкты сактоо министрлиги 2025-жылдын акыркы эки айында Бишкек жана Ош шаарларындагы жеке медициналык уюмдарды кеңири масштабда текшерүү иштерин жүргүздү. Жалпы...
Кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга шектүү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), ошондой...