Кечээ, 1-июлда карындашына зомбулук көрсөткөн адамга травматикалык тапанчадан ок чыгарып, өлтүрүп алууга шектелген жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген. SUPERTV каргашалуу окуяда жапа чеккен Асел Жумакуловадан маек алды. Ал учурда Токмоктогу ооруканада жатат жана окуянын чоо-жайын айтып берди.
«Кеминде бир айдан бери иштеп жатам. Жол тосуп турганда унаа токтогон. Мен ага түшкөндөн көп өтпөй, ылдамдыкты тездетип, музыканы жогорулатып салды. Жүрөгүм зырт этти. Бир учурда токтоп, менин төшүмө сыланып баштады. Папкамды колго кармаган бойдон сыр билдирбегенге аракет кылдым. Тамеки сунуштады, мен жок дедим. Мен жакка отурайын деген учурдан пайдаланып, унаадан чуркап чыга калдым. Жолго чуркап бара жатсам, башка унаадан бир адам түшүп жаткан экен, ошого эле бара калдым. Артымдан берки киши унаасы менен келе жатты. Айдоочу «тааныйсыңбы» деп калды, мен «тааныбайм» деп, андан тез айдап кетүүсүн сурадым. Жолдошума чалайын дедим, бирок мен ага кантип мени бир киши зордуктаганы жатат деп айтмак элем? Байкеме чалдым. Ал мага келип каларын айтты», — деди ал.
Психикалык жактан жабыркаптыр байкуш келин.
Саламатсызбы бул кыздын жагдайы эч кимдин башына тушпосун агасына боштондук агасы туура эле жасады зоокурду олтуруп, Бир тууганы болгондон кийин куетда башка Адам деле Бир тууганын защита этет да