Бүгүн, 2-октябрда соцтармакта 17 жаштагы кыздын Ош ШИИБдин имаратынын алдында ыйлап жаткан видеосу жарыяланган. Анда ал милиция кызматкерлерине нааразы болуп, кабыл албай койгондугун билдирген.
«Мен таксиге түшкөм. Ал үйгө жеткирген. «Мен сага акча берем» деп, мойнумдан өпкүлөп жатты. Мен милицияга келип, аны айткандан уялып, «телефонумду такси алып койду» деп айтсам, телефонумду чөнтөгүмдөн таап, мени чыгарып койду. Мени таксист ушинтип койду деп айта албайм да», — деди кыз ыйлап.
Ош ШИИБ окуя боюнча маалымат берди. «2-октябрга караган түнү Ош ШИИБге Ош шаарында туруктуу жашаган жери жок, 2006-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну арыз менен кайрылып, аны Ош шаарында таксист сексуалдык ыдык көрсөткөндүгүн айтып арызданган. Ал арызы катталган. Ыкчам-тергөө тобу тарабынан такси кызматын көрсөткөн айдоочу жана кубө суралган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө телефон кыздын жанынан табылып, ошондой эле кызга акча каражаты зарыл болгондугу аныкталды.
Тергөө кызматынан чыккан соӊ, арыздануучу кыз Ош ШИИБдин имаратында «мени милиция кызматкерлери кабыл албай жатат» деген мазмунда башка жаранга ыйлап айтып берген. Бул кыздын арызы боюнча ар тараптуу тергөө иштери уланууда. Такси кызматындагы жарандын, арыздануучу кыздын жана күбөлөрдүн берген маалыматтары ар тараптуу текшерилет. Социалдык жактан коргоо кызматтары менен биргеликте дагы иш алып барылат. Арыздануучу мурда бир нече ирет Ош облусунун жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгына ар кандай жарандардын үстүнөн арыз менен кайрылган. Арыздары боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынган. Ош ШИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекторлору тарабынан рейд учурунда кармалып, бир нече ирет социалдык коргоо кызматына өткөрүп берилген. Арыздануучу кыздын жүрүм-туруму, тагдыры тууралуу толук маалыматтарды берүүгө мыйзамдар жана кыздын жашы жете элек экендиги жол бербейт», — дешти милициядан.