Миграция үчүн Европа өлкөлөрүнүн паспортторун жасалмалоого шектелип Кыргыз жараны кармалды

Укук коргоо кызматкерлери кыргызстандыктардын Европага жана АКШга мыйзамсыз миграциясын уюштуруучу каналды аныкташты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 2020-жылдын декабрь айында жеке иш менен камсыз кылуу агенттиги акча үчүн Европада жана АКШда жарандарды жасалма паспорт менен жумушка орноштуруу кызматын көрсөткөн. Жасалма документтерди колдонгон Кыргыз жарандары Украинанын Чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалып, Кыргызстанга чыгарылган. Кылмышка шектелип, Ысык-Көл облусунун аймагында жашырынып жүргөн, мурда бир нече жолу соттолгон жаран кармалып, СИЗО-1ге камакка алынды. Андан Бельгия, Франция, Нидерланддар, Испания жана Грециянын жасалма паспорттору, ошондой эле компьютердик техникалар жана офистик жабдуулар алынган, алар үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалган.