Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы активист Айжан Мырсанга Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (расалык, улуттар аралык кастыкты козутуу) боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 16-мартта TikTok социалдык тармагында @rinat_usupbaev деген колдонуучунун аккаунту аныкталып, анын баракчасында Айжан Мырзанын улут аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүсү менен видеосу жарыяланган.
Кылмыш ишинин алкагында ар тараптуу, диний жана лингвистикалык экспертиза дайындалган. РИИБдин корутундусуна ылайык, Мырсандын билдирүүлөрү улуттар аралык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутууга, улуттук кадыр-баркты басынтууга, жарандардын динге, улутка карата мамилесинен улам кемсинтүүгө багытталган.
23-июлда активист адвокаттардын коштоосунда тергөө бөлүмүнө барып, керектүү процессуалдык аракеттерге катышкан. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүрүп жатат, жыйынтыгы кийинчерээк белгилүү болот.