Милиция аутизм менен жабыркаган баланын сабалышы боюнча териштирүү иштерин баштады (видео)

Милиция «Аутизмди жеңебиз» борборундагы аутизм менен жабыркаган баланын сабалышы боюнча териштирүү иштерин баштады. Бул тууралуу Биринчи май РИИБден билдиришти.

«РИИБдин башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Руслан Бердибаев бул иш боюнча тергөө иштерин жеке көзөмөлүнө алды. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча биз толук маалымат беребиз», — деп билдиришти милициядан.

Бүгүн, 21-майда борбордун кызматкерлеринин бири церебралдык шал оорусу менен жабыркаган 6 жаштагы баланы сабаганы белгилүү болду. Ырайымсыз мамиленин фактысы видеокөзөмөл камерасынан алынган видео тасма менен тастыкталды.