Кечээ, 23-апрелде СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине каза болгон Чубак Калыковдун жакындары кайрылып, нааразычылыгын билдиришкен. Алардын айтымында, Чоң-Сары-Ой айылынын тургуну Чубак Калыковду мал уурдоо боюнча милиция кызматкерлери 22-апрелде саат 18:00 чамасында суракка чакырып, 20:00 чамасында үй-бүлөсүнө анын каза болгонун угузушкан.
Редакция Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгына кайрылганыбызда, жарандын жансыз денеси 22-апрелде саат 18:05 чамасында Чолпон-Ата шаарындагы мектептердин биринин жанындагы футбол аянтчасынан табылганын, ал өзүнүн спорттук бут кийиминин боосуна асынып каза болгонун билдиришкен.
Ысык-Көл ОИИБ кайрадан маалымат берип, аталган окуя боюнча Ысык-Көл ОИИБи тарабынан учурда тиешелүү процессуалдык иш-аракеттер жүргүзүлүп жатканын билдиришти.
«Маркум шектүү же айыпталуучу катары процессуалдык тартипте таанылган эмес. Ошондой эле ал тергөө амалдарынын алкагында күбө катары да суракка алынган эмес. Ал мал уурдоо фактысы боюнча түшүндүрмө берүү жана кошумча маалымат тактоо максатында мамлекеттик ветеринардык көзөмөл органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө караштуу Чоң-Сары-Ой айылдык милиция бөлүмүнө өз ыктыяры менен келген. Ага карата эч кандай процессуалдык чечимдер кабыл алынган эмес.
Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 26-беренесине ылайык, адамдын күнөөсү мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен гана аныкталат», — деп айтылат маалыматта.