Чолпон-Ата шаарындагы мектептердин биринде 8-класстын окуучусу 6-класстын окуучусун бетке урган видео тараган. Милиция маалымат берди.
«2-октябрь күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан мектептеринин биринин 8-классынын окуучулары Э.А. жана И.А. белгисиз себептерден улам 2012-жылы туулган Д.Р.ны мектептин дааратканасында сабап денесине жаракат келтиришкен.
Ошондой эле 9-октябрь күнү ушул эле 8-классынын окуучусу Э.А. жана И.А. белгисиз себептердин негизинде 2012-жылы туулган Б.Р. бетине уруп денесине жаракат келтирген.
Аталган фактылар Ысык-Көл РИИБдин Маалыматтык электрондук журналына катталып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Жогорудагы эки факты боюнча Ысык-Көл РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан бул мектеп окуучуларына профилактикалык-түшүндүрүү иштери улантылып жатат», — деп айтылат маалыматта.