Royal
SerepTV Logo

Милиция Чүйдө скутер айдоочунун колу-буту жулунуп кетти деген жол кырсык боюнча маалымат берди

Милиция Чүйдө скутер айдоочунун колу-буту жулунуп кетти деген жол кырсык боюнча маалымат берди
Кечээ, 8-июлда соцтармактарда «Чүйдө жол кырсык катталып, скутер айдоочунун колу-буту жулунуп кетти» деген видео" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/chyido-jol-kyrsyk-kattalyp-skuter-aidoochunun-kolu-butu-julunup-ketti-degen-video-tarady/">видео тараган. Чүй облусунун жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан жол кырсык боюнча маалымат берди. "7-июль күнү Ивановка айылынын 2000-жылы туулган туругуну күн батыштан күн чыгышты көздөй Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаасы менен бара жаткан маалда катуу ылдамдыкта карама каршы бара жаткан скутер сүзүлүп калган. Кесепетинен скутердин 1989-жылы туулган айдоочусу ошол жерде каза болду. Мерседес Бенц унаасынын ичиндеги 1973-жылы туулган жүргүнчүсү Ивановка айылынын аймактык ооруканасына жаткырылган. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүүдө",- деп айтылат маалыматта.