5-октябрда Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан каракчылыкка шектелген жаранды кармашты. Кылмыш 11-сентябрга караган түнү «Чынар» кичи базарында жасалган.
Кароолчунун айтымында, шектүүлөр соода жайына терезе аркылуу кирип, аны коркутуп, терминалдан акчаны алып кетишкен. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси (каракчылык) боюнча катталган. Свердлов РИИБдин ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдүн жүргөн жерин аныкташты. Алардын 1991, 1995-жылы туулган жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Милиция кармалгандардын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогун текшерип жатат. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Октябрь РИИБге жаран кайрылып, 10-июнда саат 20:00 чамасында 2019-жылы туулган кызы менен Куйручук көчөсүндө жайгашкан көп кабатуу үйдүн жер төлөсүндө...
13-июнь күнү саат 21:30 чамасында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Ак-Башат айылындагы Кучкач-Ата көчөсүндө жол кырсыгы болгондугу тууралуу...