Ички иштер министрлиги дагы бир катар каржы пирамидаларын уюштуруу боюнча фактыларды аныктады. 2022-жылдын 2 айында эле Ички иштер министрлиги тарабынан каржылык пирамидаларды уюштуруу фактылары боюнча 111 сотко чейинки өндүрүш иши тергелип, анын ичинен 91и сотко чейинки өндүрүш иштеринин тергөөсү аяктап, соттун кароосуна жиберилген. Жогорудагы фактылардын басымдуу көпчүлүгү Бишкек шаарында, калгандары Ош жана Ысык-Көл облустарында катталган. Жабыркагандардын жалпы саны — 133 адамды түзгөн. Алдын ала келтирилген чыгым 61 миллион сомдон ашык болгон.
Каржы пирамида – финансылык алдамчылыктын эң кеңири таралган түрлөрүнүн бири. Мында тартылган каражаттар боюнча, киреше жаңы катышуучуларды тартуу жолу менен төлөнүүчү схема болуп саналат. Алдамчылар, адатта, жакшы манипуляторлор жана акча алуунун жаңы жолдорун ойлоп табуу менен адамга психологиялык жана эмоционалдык жактан таасир этүүнү билишет. Алар кыймылсыз мүлктү, облигацияларды жана акцияларды сатып алууну сунушташат, алар супер рентабелдүү делген интернет-долбоорлорго, курулушка жана айыл чарбага инвестициялоого убада беришет.