Баткен милициясы издөөдө жүргөн жаранды Бишкек шаарынан кармады. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Баткен облусунун Лейлек районунун 31 жаштагы тургуну Кылмыш-жаза кодексинин 389-беренесинин 4-бөлүмү (бөлүктү же кызмат өтөө жерин өзү билип таштап кетүү) боюнча Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан издөөдө болгон.
Бул факты боюнча Баткен РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп, ыкчам иликтөө аракеттеринин негизинде ал Бишкек шаарында жүргөн жери такталып, милиция кызматкерлери тарабынан ал кармалган.
Кармалган жаран өздүгүн тастыктаган документтери менен Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасына мыйзам чегинде өткөрүп берилди. Азыркы учурда бул иш боюнча тиешелүү тергөө амалдары улантылууда.