Бишкекте уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
25-март күнү саат 04:40 чамасында жаран «Манас» аэропортунан Түркияга учуп кеткенге чейин 2600 доллар акчасын жоготконун аныктаган. Анын эжеси милицияга кайрылып, бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («уурдоо») менен катталган.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери жабырлануучу аэропортко такси менен барганын аныкташкан. Жолдо баратканда жүргүнчү дүкөндүн жанына токтоону суранып, буюмдарын жана акча салынган сумкасын таштап, дүкөнгө кирген. Жабырлануучу жок болгон учурда таксист андан акча уурдап, андан соң жүргүнчүнү аэропортко жеткирип, кетип калган.
27-март күнү милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган жаран кармалган. Ал уурдалган акчанын баарын жабырлануучуга кайтарып берди. Учурда тергөө иштери уланууда.