Милиция: «Кадамжайда 14 жаштагы кыздын өлтүрүлүшүнө милиция кызматкерлеринин тиешеси жок»

Кадамжайда жашы жете элек кыздын өлтүрүлүшүнө милиция кызматкерлеринин тиешеси жок. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

«Кадамжайда жашы жете элек кызды өлтүрүүгө шектелип кармалган жарандардын ички иштер органдарына эч кандай тиешеси жок. Бул иштин калыс тергелиши Баткен ОИИБдин жетекчилигинин жеке көзөмөлүндө. Иштин тергелишинин жүрүшү боюнча коомчулукка кошумча маалыматтар берилип турат. Баарыңыздардан бирден-бир сураныч, такталган маалыматтарга гана комментарий жазсаңыздар. Айрым жарандар аталган кылмышты жасагандардын арасында милицияны кызматкери бар экен деп да жазып жатышат. Кылмышка шектүү кармалгандардын арасында милиция кызматкери жок экенин дагы бир жолу баса белгилейбиз», — дешти облустук милициядан.