Милиция кызматкери 5 миң сом талап кылууга шектелип кармалды

17-декабрда УКМК ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте Ысык-Көл облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерин пара талап кылуу фактысы боюнча кармады.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери, милициянын сержанты Ысык-Көл облусунун тургунун административдик жоопкерчиликке тартам деп коркутуу жолу менен опузалап 5000 сом алганы аныкталды. Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган жаран Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 97-беренесине ылайык, андан аркы тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чараларын жүргүзүү үчүн Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.