Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашка баруу фактысы боюнча кылмыш ишин териштирүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Тергөөнүн жүрүшүндө, 20 жана 25 жаштагы эки жигит жашы жете элек кыз менен тааныш болуп, ар кайсы убакта мамиледе болгону жана алардын бири ички иштер органдарынын кызматкери экендиги аныкталган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган адамдар кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилип, соттун чечими менен 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган. Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.