Милиция кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан укук коргоо органдарындагы системалуу коррупция жана опузалоо менен күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында милиция кызматкерлери тарабынан пара талап кылуу фактысы аныкталды.
Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын аймактык тескөөчүсү, милициянын лейтенанты жана милициянын капитаны баюу максатында алар уюлдук телефонду уурдоо фактысы боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында маселени оң жакка чечип берүү үчүн жарандан 160 миң сом талап кылышкан.
11-июлда ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган милиция кызматкерлери опузалап 20 миң сом өлчөмүндөгү акчанын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен кармалган. 13-июлда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда иштин бардык жагдайларын аныктоо, ошондой эле башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.